АСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:25, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСС (лат., as, assis) ‒ байыркы римдик жез тыйын (салмагы алгач 272 г). Б. з. ч. 5-кылымдан чыгарыла баштап, б. з. 217-жылына чейин жүгүртүлүп келген. Байыркы гректер Ассты ассирий деп аташкан. Херсонес, Тир, Ольвия, Боспор падышалыгында б. з. 2‒3-кылымдарында бир нече номиналдагы Асс чыгарылган.