АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:45, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. Асман экваторунун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° φ бурч менен жантайган, мында φ ошол жердин кеӊдиги. Асман экватору асман сферасын түндук жана түштүк жарым шарга бөлөт. Асман экваторун математикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.