АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:22, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. А. э-нун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° бурч менен жантайган, мында j ошол жердин кеӊдиги. А. э. асман сферасын түндук жана түштук Жарым шарга бөлөт. А. э-н матем атикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.