АСКЕР ПАРАДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ПАРАДЫ (латынча раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик жана аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири аскер парадынын бири 1945-жылы 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы Аскер парады өткөрүлүп турат.