АРХЕТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(гр. arche – башат, tupos – үлгү, элес) – тектештирме-тарыхый тил илиминде кийинки түзүлүштөр үчүн баштанкы форма. А. тектеш тилдердеги мыйзамченемдүү шайкештиктердин негизинде калыбына келтирилет. А. бир катар тилдердеги реалдуу структуралык элементтерди салыштыруунун натыйжасында алынган теор. жактан ыктымал форма болун саналат. А. катары тилдик түрдүү бирдиктер ж-а структуралар – лексема, негиз, уңгу, морфема, фонема, атүгүл сүйлөмдөр да алынат.
С. Мусаев