АРХЕТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕТИП (гр. arche – башат, tupos – үлгү, элес) – тектештирме-тарыхый тил илиминде кийинки түзүлүштөр үчүн баштапкы форма. Архетип тектеш тилдердеги мыйзам ченемдүү шайкештиктердин негизинде калыбына келтирилет. Архетип бир катар тилдердеги реалдуу структуралык элементтерди салыштыруунун натыйжасында алынган теориялык жактан ыктымал форма болуп саналат. Архетип катары тилдик түрдүү бирдиктер жана структуралар – лексема, негиз, уңгу, морфема, фонема, атүгүл сүйлөмдөр да алынат.

С. Мусаев