АРХЕЙ ЗАМАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 11 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕЙ ЗАМАНЫ – жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоо тектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу жана графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-жылы киргизген. Mypда байыркы кристаллдуу тектери гана Архей заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоо тектер бүт камтылат. Кыргызстанда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. Архей заманындагы тоо тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.