АРСЛАН ХAH

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСЛАН ХAH– карлуктардын 13-кылымдын баш чендериндеги Жети-Суудагы мамлекетинин башчысы, хан. Ал Кайалык (Каялык) шаарын ордо кылган. Карлуктардын каракытайлар гурханына, найман элинин ханзаадасы Күчлүккө каршы күрөшкөн. Акыры 1210-1211-жылдары теңдешсиз согуштан улам тигилердин жоосу болгон Чынгыз ханга баш ийип берген. Арслан хан (А р с л а н тегин) Караханиддер династиясындагы хан жана ханзаадалардын наамы катары да белгилүү.