АРСЛАН ХAH
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АРСЛАН ХAH– карлуктардын 13-кылымдын баш чендериндеги Жети-Суу аймагындагы мамлекет башчысы, хан. Ал Кайалык (Каялык) шаарын ордо кылган. Карлуктардын кара кытайлар гурханына, найман элинин ханзаадасы Күчлүккө каршы күрөшкөн. Акыры 1210-1211-жылдары теңдешсиз согуштан улам тигилердин жоосу болгон Чынгыз ханга баш ийип берген. Арслан хан (Арслан тегин) Караханиддер династиясындагы хан жана ханзаадалардын наамы катары да белгилүү.