АРСЛАН ХAH

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСЛАН ХAH– карлуктардын 13-кылымдын баш чендериндеги Жети-Суудагы мамлекетинин башчысы, хан. Ал Кайалык (Каялык) шаарын ордо кылган. Карлуктардын каракытайлар гурханына, найман элинин ханзаадасы Күчлүккө каршы күрөшкөн. Акыры 1210-11-жылдары теңдешсиз согуштан улам тигилердин жоосу болгон Чынгыз ханга баш ийип берген. Арслан хан (А р с л а н тегин) Караханиддер династиясындагы хан жана ханзаадалардын наамы катары да белгилүү.