АРПАДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРПАДДАР, Арпадовичтер – венгр княздарынын (889–1000), кийинчерээк королдорунун (1001–1301) династиясы. Арпад негиздеген (889–907) Арпаддар династиясы Венгрияда феодалдык мамилелер калыптанган учурда жана 13- кылымдын орто ченинен башталган феодалдык бытырандылык мезгилинде бийлик жүргүзгөн. Ападдардан 5 князь жана 20 король чыккан. Алардын белгилүүлөрү: Иштван I (Ыйык), Ласло I (1060–1063), Бела IV (1235–1270).