АРПАДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРПАДДАР, Арпадовичтер – венгр княздарынын (889–1000), кийинчерээк королдорунун (1001–1301) династиясы. Арпад негиздеген (889–907) Арпаддар династиясы Венгрияда феодалдык мамилелер калыптанган учурда жана 13- кылымдын орто ченинен башталган феодалдык бытырандылык мезгилинде бийлик жүргүзгөн. Ападдардан 5 князь жана 20 король чыккан. Алардын белгилүүлөрү: Иштван I (Ыйык), Ласло I (1060–63), Бела IV (1235–70).