АРМИРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМИРЛӨӨ (лат. агтаге – бекемдөө, жабдуу) материал же конструкцияны башка материал менен бекемдөө. Болот-бетон жана таш конструкцияларын, мисалы, айнек, пластмасса, карала, гипс ж. б. буюмдарды даярдоодо колдонулат. Техникада өтө бышык узун була менен армирленген булалуу бышык (композициялуу) материалдар кеңири таралган.