АРМИРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМИРЛӨӨ (латынча агmаге – бекемдөө, жабдуу) материал же конструкцияны башка материал менен бекемдөө. Болот-бетон жана таш конструкцияларын, мисалы, айнек, пластмасса, карапа, гипс жана башка буюмдарды даярдоодо колдонулат. Техникада өтө бышык узун була менен армирленген булалуу бышык (композициялуу) материалдар кеңири таралган.