АРКАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:40, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАК– кездеме токууда эриш жибине туурасынан айкалыштырылган жип. Кездеме токуучу тесте (станокто) Аркак жиби иреттүү эки топко бөлүнгөн эриш жиптеринин ортосуна оң-солго өткөрүлөт. Эриш жипке караганда Аркак жиби бышык болбосо деле жарай бергендиктен сапаты начар буладан жасалып, ийиргенде да аз чыйратылат.