АРКАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАК– кездеме токууда эриш жибине туурасынан айкалыштырылган жип. Кездеме токуучу тесте (станокто) аркак жиби иреттүү эки топко бөлүнгөн эриш жиптеринин ортосуна оң-солго өткөрүлөт. Эриш жипке караганда аркак жиби бышык болбосо деле жарай бергендиктен сапаты начар буладан жасалып, ийиргенде да аз чыйратылат.