АРГЕНТИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГЕНТИТ – (латынча argentum – күмүш), к ү м ү ш ж а л т ы р а г ы – күмүш сульфиди, минерал. Химиялык формуласы AgS. Куб сингониясында кристаллданат.Өңү боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2 – 2,5. Салыштырма салмагы 7,4. Төмөнкү жана орто температуралуу гидротермдик күмүш кендеринде кез­дешет. Күмүш алынуучу негизги минералдардын бири.