АРГЕНТИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АРГЕНТИТ – (латынча argentum – күмүш), к ү м ү ш ж а л т ы р а г ы – күмүш сульфиди, минерал. Химиялык формуласы AgS. Куб сингониясында кристаллданат.Өңү боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2 – 2,5. Салыштырма салмагы 7,4. Төмөнкү жана орто температуралуу гидротермдик күмүш кендеринде кездешет. Күмүш алынуучу негизги минералдардын бири.