АРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАК – таза этил спиртинин суу менен аралашмасынан турган алкоголдук ичкилик. Россия­да А. 14-кылымдын аягында кара буудай, буудай, сулу ж. б-дан чыгарыла баштаган. Кыргыздар да илгери эле кымыздан A-ты (чагырмак) тартуу жолун билишкен. А-тын спирттик көлөмү 40, 50 жана 56% болот. Аны даярдоодо суу менен спирттин аралашмасы активдештирилген көмүрдөн өткөрүлүп, чыпкаланат. Жыттуу чөп, дандан, тамыры жемиш өсүмдүктөрдөн жана татымдуу заттардан даярдалган шире кошулганда, (жалбыз, анис, калемпир ж. б.) ар түрдүү тундурмалар (настойка) даярдалат. А-тын баш­ка түрлөрү ачыткан таттуу суюктуктарды буулантуу жолу менен жүзүм ширесинен (жүзүм А-гы), чие ширесинен (чие А-гы) алынат. Бал камыштын ачыган ширесин буулантуу менен ром алынат. Коньяк, виски да А-тын түрүнө кирет.