АРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАК – таза этил спиртинин суу менен аралашмасынан турган алкоголдук ичкилик. Россия­да Арак 14-кылымдын аягында кара буудай, буудай, сулу жана башкалардан чыгарыла баштаган. Кыргыздар да илгери эле кымыздан Aракты (чагырмак) тартуу жолун билишкен. Арактын спирттик көлөмү 40, 50 жана 56% болот. Аны даярдоодо суу менен спирттин аралашмасы активдештирилген көмүрдөн өткөрүлүп, чыпкаланат. Жыттуу чөп, дандан, тамыры жемиш өсүмдүктөрдөн жана татымдуу заттардан даярдалган шире кошулганда, (жалбыз, анис, калемпир ж. б.) ар түрдүү тундурмалар (настойка) даярдалат. Арактын баш­ка түрлөрү ачыткан таттуу суюктуктарды буулантуу жолу менен жүзүм ширесинен (жүзүм Арагы), чие ширесинен (чие Арагы) алынат. Бал камыштын ачыган ширесин буулантуу менен ром алынат. Коньяк, виски да Арактын түрүнө кирет.