АПОФЕОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОФЕОЗ (гр. απо૭εωσις; – Кудай деп билүү) – 1) кайсы бир кишини, окуяны же көрүнүштү мактоо, даңазалоо; 2) кайсы бир окуяны же ки­шини даңазалаган спектаклдин же майрамдык концерт программасынын, цирктеги көрсөтүүнүн акыркы, салтанаттуу массалык көрүнүшү. Анда өтө көп катышуучулар болот. Атайылап жаркыраган декорациялык жасалгалар, кийимдер, бутафория ж. б. пайдаланылат.