АПОФЕОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОФЕОЗ (грекче αתо૭εωσις; – Кудай деп билүү) – 1) кайсы бир кишини, окуяны же көрүнүштү мактоо, даңазалоо; 2) кайсы бир окуяны же ки­шини даңазалаган спектаклдин же майрамдык концерт программасынын, цирктеги көрсөтүүнүн акыркы, салтанаттуу массалык көрүнүшү. Анда өтө көп катышуучулар болот. Атайылап жаркыраган декорациялык жасалгалар, кийимдер, бутафория жана башкалар пайдаланылат.