АПЛАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛАЗИЯ – ж-a гр. plasis – пайда болуу), а г е н е з и я – кандайдыр бир дене бөлүгүнүн же органдын тубаса жоктугу. Аплазия түйүлдүктүн өөрчүүсүнүн бузулушунан болот. Ал жуп органдардын бири, мисалы, бөйрөк өөрчүбөй калышы мүмкүн. Ал эми жупсуз органдардын Аплазиясы оор бузулууга (кээде жашоого мүмкүн болбой) алып келет, к. Өөрчүу кемтиги.