АННЕКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННЕКСИЯ (лат., annexio – бириктирүү, кошуп алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу менен бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык, аннексия мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз каранды эместигине күч колдонуу менен кийлигишүүсүнө тыюу салынган.