АННЕКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННЕКСИЯ (лат., annexio – бириктирүү, кошуп алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу менен бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык, А. мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз каранды эместигине күч колдонуу менен кийлигишүүсүнө тыюу салынган.