АЛТЫГАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:07, 27 Март (Жалган куран) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫГАТ– бир жак бетине баркыт, бейкасам жана башка кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган төшөнчү кийиз. Узундугу 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабат бүктөлөт. Алтыгат жүккө кездеме жагы сыртка каратылып, бүктөлүп жыйылат. Алтыгат боз үйдө меймандын алдына салынат (андан сыз өтпөйт). Ал азыркы учурда дээрлик жок болуп бара жаткан буюмдардан.

Файл:Алтыгат1.png