АЛТЫГАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫГАТ– бир жак бетине баркыт, бейкасам жана башка кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган төшөнчү кийиз. Узундугу 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабат бүктөлөт. Алтыгат жүккө кездеме жагы сыртка каратылып, бүктөлүп жыйылат. Алтыгат боз үйдө меймандын алдына салынат (андан сыз өтпөйт). Ал азыркы учурда дээрлик жок болуп бара жаткан буюмдардан.

Файл:Алтыгат1.png