АЛТЫГАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫГАТ– бир жак бетине баркыт, бейкасам ж. б. кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган төшөнчү кийиз. Узундугу 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабат бүктөлөт. Алтыгат жүккө кездеме жагы сыртка каратылып, бүктөлүп жыйылат. Алтыгат боз үйдө меймандын алдына салынат (андан сыз өтпөйт). Ал азыркы учурда дээрлик жок болуп бара жаткан буюмдардан.