АКВЕДУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВЕДУК (лат. aqua – суу жана duco – өткөрүү) ­кокту‑колот, канал, жол, сай ж. б‑лардан суу алып өтүү үчүн жасалган (ноо, түтүк) гидротехникалык курулма. Көбүнчө сугат жерди кургатуу же суу менен камсыз кылууда колдонулат. Акведук темир, те­мир‑бетон жана бетондон курулат. Мындай гид­ротехникалык курулмалар Кыргызстанда да көп.