АКВЕДУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВЕДУК (лат. aqua – суу жана duco – өткөрүү) ­кокту‑колот, канал, жол, сай ж. б‑лардан суу алып өтүү үчүн жасалган (ноо, түтүк) гидротехникалык курулма. Көбүнчө сугат жерди кургатуу же суу менен камсыз кылууда колдонулат. Акведук темир, те­мир‑бетон жана бетондон курулат. Мындай гид­ротехникалык курулмалар Кыргызстанда да көп.