АЙРЫ-ТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРЫ-ТАМ – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагы­нын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыш­тагынан 56 км түштүк-батыш тарапта. Наманган те­мир жол бекетинен 55 км. 1950‑жылы отурукташ­кан. Деңиз деңгээлинен 830 м бийиктикте. Калкы 6 022 (2022). Дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгек­тенет. Орто жанa музыкалык мектеп, бала бакча, маданият үйү, эки китепкана, оорукана, амбулатория, спорт комплекси (500 орундуу), дарыкана, тегир­мен, май сыгып чыгаруучу цех бар. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.