АЙДАРЫМ КАПТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРЫМ КАПТАЛ – тоонун, дөңсөөнүн, дө­бөнүн ж. б. орографиялык объектилердин шамал соккон тарапты караган бети, ылымта кап­талдын карама‑каршы жагы. Жаан‑чачындын таралышына зор таасирин тийгизет. Кышында кар көп жатпайт. Жайыт үчүн ыңгайлуу.