АЙДАРЫМ КАПТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРЫМ КАПТАЛ – тоонун, дөңсөөнүн, дө­бөнүн жана башка орографиялык объектилердин шамал соккон тарапты караган бети, ылымта кап­талдын карама‑каршы жагы. Жаан‑чачындын таралышына зор таасирин тийгизет. Кышында кар көп жатпайт. Жайыт үчүн ыңгайлуу.