АЙДАРБЕК ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРБЕК ЧОКУСУ – Алай кырка тоосун­дагы Текелик тоосунун эң бийик жери. Көк­-Суу жана Текелик (Кызыл‑Суунун оң куймала­ры) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5125 м. Чоку девон менен карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектери­нен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тара­бы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.