АЙДАРБЕК ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРБЕК ЧОКУСУ – Алай кырка тоосун­дагы Текелик тоосунун эң бийик жери. Көк­-Суу жана Текелик (Кызыл‑Суунун оң куймала­ры) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 5125 м. Чоку девон менен карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектери­нен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тара­бы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.