АЙДАРБЕК ЧОКУСУ
– Алай кырка тоосундагы Текелик тоосунун эң бийик жери. КөкСуу ж‑а Текелик (Кызыл‑Суунун оң куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бий икт. 5125 м. Чоку девон м‑н карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектеринен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тарабы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.