АЙБАШЕВ Абугазир

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВ Абугазир (1907–1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939).

Файл:Айбашев Абугазир.jpg

Фрунзедеги театр‑студия­сын бүткөндөн кийин (1962) Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр болуп эмгектенген. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») жана башка. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.