АЙБАШЕВ Абугазир

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВ Абугазир (1907–1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Фрунзедеги театр‑студия­сын бүткөндөн кийин (1962) Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр болуп эмгектенген. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») жана башка. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.