АБСОЛЮТТУК НӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е р а т у р а н ы н – термодинамикалык температура шкаласы боюнча абссолюттук температураны эсептөөнүн башталышы. Системанын температурасы абсолюттук нөлгө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымдуулугу, жылуулуктан кеңейүү коэффициенти нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.