АБРОЙЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРОЙЛУУ МААЛЫМАТ – мааниси, тактыгы, аныктыгы жана сапаты боюнча эч кандай күмөн туудурбай турган жана ишенимдүү булактардан алынган маалымат. Аны массалык-маалымат каражаттарына (ММКга) жарыялап туруу коомдук жоопкерчиликтин эң маанилүү талаптарынын бири болуп саналат. Коомдук пикирди акыйкат маалыматтар менен камсыз кылууда мындай маалыматтын ролу өтө жогору.