АБРОЙЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРОЙЛУУ МААЛЫМАТ – мааниси, тактыгы, аныктыгы жана сапаты боюнча эч кандай күмөн туудурбай турган жана ишенимдүү булактардан алынган маалымат. Аны массалык-маалымат каражаттарына (ММКга) жарыялап туруу коомдук жоопкерчиликтин эң маанилүү талаптарынын бири болуп саналат. Коомдук пикирди акыйкат маалыматтар менен камсыз кылууда мындай маалыматтын ролу өтө жогору.