КУБАКЫ МОЛИБДЕН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАКЫ МОЛИБДЕ́Н КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нын түн.-чыгы­шында, Кызыл-Омпол тоосунун түш.-баты­шындагы Кубакы ашуусунда. 1949-ж. табылып, 1950-ж. геол. иштер жүргүзүлгөн. Кен айма­гында пермь мезгилинде жиреп чыккан Кызыл- Омпол сиенит массиви жатат. Сиенитти майда кристаллдуу гранит-сиенит дайкалары жиреп өткөн. Бул тектер аркылуу меридиан багытын­дагы тектон. жарака өтөт. Жарака аймагынын туурасы 300–400 мге жетип, анда кварцтын 3 кыска тарамы кездешет. Тарамда флюорит, мо­либден, полиметаллдар топтолгон. Молибден минералы вульфениттен турат, андан башка гематит, сфалерит, халькопирит учурайт.