КУБАКЫ МОЛИБДЕН КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУБАКЫ МОЛИБДЕ́Н КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нын түн.-чыгышында, Кызыл-Омпол тоосунун түш.-батышындагы Кубакы ашуусунда. 1949-ж. табылып, 1950-ж. геол. иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагында пермь мезгилинде жиреп чыккан Кызыл- Омпол сиенит массиви жатат. Сиенитти майда кристаллдуу гранит-сиенит дайкалары жиреп өткөн. Бул тектер аркылуу меридиан багытындагы тектон. жарака өтөт. Жарака аймагынын туурасы 300–400 мге жетип, анда кварцтын 3 кыска тарамы кездешет. Тарамда флюорит, молибден, полиметаллдар топтолгон. Молибден минералы вульфениттен турат, андан башка гематит, сфалерит, халькопирит учурайт.