КСЕНОФОНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КСЕНОФО́НТ (б. з. ч. 430-ж., Афины – б. з. ч. 355 же 354-ж., Коринф) – байыркы грек жазуу­чусу жана тарыхчысы, Афины кол башчысы жана саясатчысы, Сократтын шакирти. Ак сөөк үй­бүлөдөн чыккан. Б. з. ч. 403-ж. Отуз тирандын олигархиялык өкмөтү кулаган соң, Афиныдан кетип, Персия падышасы Артаксеркс IIге кар­шы жортуулга катышкан. Коринф согушунда (б. з. ч. 395–387) Спартага жардам бергендиги үчүн К-ту Афины соту сыртынан өлүм жазасы­на кескен. Ал Элиадада калып, чарбачылык менен кесиптенген. 369-жылдары К-тун Афиныда жарандык укугу калыбына келтирилген, бирок ал өз мекенине кайтып барган эмес. К. байыр­кы замандын көрүнүктүү авторлорунун бири бол­гон. Анын дээрлик бардык эмгектери биздин убакка чейин жетти. К. Фукидиддин «Грек тары­хын» (7 китептен турган) улантып, б. з. ч. 401- жылдан 362-ж. чейинки окуяларды демократия­га каршы көз карашта баяндаган. Анын «Сократ­тык дилбаяндар» («Сократтын апологиясы», «Сок­рат жөнүндө эскерүү», «Пир») аттуу Сократтын фило­софиясына баяндама эмгеги Грекиянын социал., экон., саясий тарыхы үчүн маанилүү булак бол­гон. К-тун чыгармалары антикалык сөз сүй­лөөнүн классикалык үлгүсү катары эсептелген жөнөкөй, бирок бай тил менен жазылган.


Ад.: Фролов Э. Д. Жизнь и деятельность Ксенофонта // Ученые записки Ленинградского гос. универси­тета, 1958. ¹ 251. Сер. исторических наук. Вып. 28.