КСЕНОФОНТ
КСЕНОФО́НТ (б. з. ч. 430-ж., Афины – б. з. ч. 355 же 354-ж., Коринф) – байыркы грек жазуучусу жана тарыхчысы, Афины кол башчысы жана саясатчысы, Сократтын шакирти. Ак сөөк үйбүлөдөн чыккан. Б. з. ч. 403-ж. Отуз тирандын олигархиялык өкмөтү кулаган соң, Афиныдан кетип, Персия падышасы Артаксеркс IIге каршы жортуулга катышкан. Коринф согушунда (б. з. ч. 395–387) Спартага жардам бергендиги үчүн К-ту Афины соту сыртынан өлүм жазасына кескен. Ал Элиадада калып, чарбачылык менен кесиптенген. 369-жылдары К-тун Афиныда жарандык укугу калыбына келтирилген, бирок ал өз мекенине кайтып барган эмес. К. байыркы замандын көрүнүктүү авторлорунун бири болгон. Анын дээрлик бардык эмгектери биздин убакка чейин жетти. К. Фукидиддин «Грек тарыхын» (7 китептен турган) улантып, б. з. ч. 401- жылдан 362-ж. чейинки окуяларды демократияга каршы көз карашта баяндаган. Анын «Сократтык дилбаяндар» («Сократтын апологиясы», «Сократ жөнүндө эскерүү», «Пир») аттуу Сократтын философиясына баяндама эмгеги Грекиянын социал., экон., саясий тарыхы үчүн маанилүү булак болгон. К-тун чыгармалары антикалык сөз сүйлөөнүн классикалык үлгүсү катары эсептелген жөнөкөй, бирок бай тил менен жазылган.
Ад.: Фролов Э. Д. Жизнь и деятельность Ксенофонта
// Ученые записки Ленинградского гос. университета, 1958. ¹ 251. Сер. исторических наук. Вып. 28.