КСЕНОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КСЕНО́Н (лат. Xenonum), Xe – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. элемент, инерттүү газдарга кирет; ат. н. 54, ат. м. 131,30. Негизинен атм-да жолугат. Атм.
К. туруктуу 9 изотоптун аралашмасынан турат. 1898-ж. англ. илимпоздор У. Рамзай менен М.Тра­верс ачкан. Жер кыртышында ураны бар мине­ралдарда кездешет. К.– сейрек кездешүүчү эле­мент. Кадимки шартта 1000 м3 абада 87 см3 К. болот. К. бир атомдуу түссүз, жытсыз газ; эрүү t –111,8°С, кайноо t –108,1°С. Окистенүү даражасы +2, +4, +6, +8. К-дун алгачкы хим. бирикмесин ХеРtF6 канадалык химик Н. Берт­лет ачкан. Анын фтор менен болгон бирикмелери ХеF2, ХеF4, ХеF6, ХеF8 жакшы изилденген. ХеF4түн эритмеси сууда өтө туруксуз окисти ХеО3 (күчтүү жарылгыч зат) пайда кылат. ХеF6га Ba(OH)2нин эритмесин таасир этип, барий ксе­натын BaXeO6 алууга болот. Сегиз валенттүү К-дун туздары да белгилүү, мис., NaXeO6–6H2O. Бул тузга күкүрт к-тасын таасир этүүдөн жогор­ку окисин ХеО4 алууга болот. К-дун кош тузда­ры да бар: ХeF2–2SbF5, ХеF6–АsF3 ж. б. Перх­лораты XeClO4– күчтүү окистенткич. К. газы ө. ж. абадан алынат. Электр-вакуумдук техни­када, жарык берүүчү лампада жана импульстук кубаттуу жарык берүүчү булактарды алууда кол­донулат.