КРОМЛЕХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРО́МЛЕХ (бретончо crom – тегерек жана lech – таш) – чоң таштардан коргон сыяктуу тегерек тургузулган неолит жана коло доорлоруна таан­дык сыйынма курулуш жайлары. Бийикт. 7 м келген таштар жерге орнотулуп, түрдүү диаметр­деги тегеректи түзөт. Ортосуна уруунун атактуу

Стонхенж rромлехи. Улуу Британия.

адамдары коюлган. К. Америка, Улуу Брита­ния, Франция, Скандинавия жана Кавказда ке­ңири таралган. Кырг-нда анча чоң эмес тегерек тизилип коюлган таштар К. деп аталат. Ал соң­ку темир доорунда пайда болуп, сак жана усун­дардын көрүстөндөрүндө көбүрөөк кездешет. К-тин чыгышы күнгө сыйынуу салты менен бай­ланыштырылат.