КРОМЛЕХ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРО́МЛЕХ (бретончо crom – тегерек жана lech – таш) – чоң таштардан коргон сыяктуу тегерек тургузулган неолит жана коло доорлоруна таандык сыйынма курулуш жайлары. Бийикт. 7 м келген таштар жерге орнотулуп, түрдүү диаметрдеги тегеректи түзөт. Ортосуна уруунун атактуу

адамдары коюлган. К. Америка, Улуу Британия, Франция, Скандинавия жана Кавказда кеңири таралган. Кырг-нда анча чоң эмес тегерек тизилип коюлган таштар К. деп аталат. Ал соңку темир доорунда пайда болуп, сак жана усундардын көрүстөндөрүндө көбүрөөк кездешет. К-тин чыгышы күнгө сыйынуу салты менен байланыштырылат.