КРИОФИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОФИТТЕР (крио... жана гр. phyton – өсүмдүк)– суукка чыдамдуу өсүмдүктөр. Алар тундранын, альпы шалбааларынын, бийик тоодогу шагыл, таш, аска өсүмдүктөрүнүн негизин түзөт. Криофиттерге бийик тоолуу Памирде, Теңир-Тоодо, Тибетте жана муздак чөлдөгү жаздык сымал өсүмдүктөр да кирет, к. Жер жаздыктар.