КРИОФИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОФИТТЕР (крио... жана гр. phyton – өсүмдүк)– суукка чыдамдуу өсүмдүктөр. Алар тундранын, альпы шалбааларынын, бийик тоодогу шагыл, таш, аска өсүмдүктөрүнүн негизин түзөт. Криофиттерге бийик тоолуу Памирде, Теңир-Тоодо, Тибетте жана муздак чөлдөгү жаздык сымал өсүмдүктөр да кирет, к. Жер жаздыктар.